Жанар Акаев Оштун мурдагы башчысына кимдер нааразы болгонун ачыктады (видео)
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев журналист Семетей Аманбековго берген маегинде мурунку шаардык бийликке айтылган сын-пикирлер жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, карапайым эл мурунку мэр Жеңишбек Токторбаевдин жолдорду кеңейтүү иштерин колдосо, айрым ишкерлер жана интеллигенция өкүлдөрү нааразы болгон.
"Бардык жерде адамдын артыкчылыгы жана кемчилиги болот. Андыктан биз элге чыгып "карызыбыз бар эле" деп актанып отурбай, чуркап иштеп жатабыз. Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрү "сенин барганың жакшы болду. Кабинеттен чыкпаган бирөө барганда сын-пикир көбөймөк" деп жатышат. Маданият министри десе ырчыны, билим берүү десе мугалимди алып келүү туура эмес. Депутат кезде айтып жүргөм. Ал жакка менеджер адам керек. Күчтүү орун басар, жардамчылары менен команда керек",- деди мэр.
Жанар Акаев мурдагы Оштун башчысына кимдер нааразы болгонун билдирди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















