super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров жаңыланган "Ак кеме" мейманканасынын тарыхына токтолду

 
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта жаңыланган "Ак-Кеме" мейманканасынын ачылыш салтанатына катышты.
Өлкө башчысы мейманкана 2023-жылы президенттин Иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, жаңылоо иштери башталганын белгиледи.
"Бул имарат тээ Аскар Акаев президент болуп турган мезгилде түрк ишкерлери тарабынан курулган имарат эле. Кийин ал ишкерден мыйзамсыз алып коюшкан. Анан ал ишкер болсо Нью-Йорктогу сотко берип, сот иштерин утуп алган. “16,5 миллион доллар Кыргызстан төлөп бериш керек же бул имаратты кайра кайтарып бериш керек” деген.
Ошентип 16,5 миллион доллары 2020-жылга чейин, биз бийликке келгенге чейин 30 миллионго чейин өскөн. Анткени Нью-Йорк соту: “силер убагында соттун чечимин аткарбадыңар” деп, ар бир күнүнө 15 миң доллардан үстөк пайызын өстүрүү чечимин кабыл алган.
Ошентип биз келгенден кийин сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп отуруп, түрк ишкерлерин ийге келтирип, тынчтык келишими менен бүтүрүшөлү деп туруп, болгону 6,5 миллионго чейин түшүрүп: “6,5 миллионду төлөп берели, ошону менен тынчтык келишим түзөлү, силер соттогу дооматыңарды кайра алгыла”, деп, мына 2023-жылы, 21-жылдан 2 жыл бою сүйлөштүрүп отуруп, ийге келтирип, анан кийин мунун бул имараттын башын бошотуп алып, соттон утулганбыз.
Соттон алар ошондон дооматын алып, болбосо алар биздин чет өлкөдөгү имараттарды, Улуттук банктын Швейцарияда жаткан алтынына чейин “мына буларды камакка алдыралы, ушулар аркылуу алып калалы”, болбосо чет өлкөдөгү баягыдай мүлктөрүн алалы деп калган мезгил экен эле.
Анан биздин колго тийгенден кийин, толук башы ачылгандан кийин, инвесторго биз 15 жылга ижарага бердик. “Мына салгын, 3 жылдыздуу отель эле, 5 жылдыздуу кылып салгын дагы, 15 жыл колдонгун, анан 15 жылдан кийин 100 пайыз бизге өткөрүп бергин”,- деп келишип, анан кийин ошентип өткөрүп бергенбиз.
Жөн эле 15 жыл колдонбойт, жөн эле арендага берип коюп, 15 жыл карап отурбайбыз, бүгүнкү күндөн баштап айына 60 миң доллардан мамлекетке аренда төлөп турат. 60 миң доллар!
Мурда 60 миң доллар эмес, тескерисинче, 2023-жылы биз алган мезгилде 30 миллион сомдун тегерегинде ушул имараттын карызы бар болчу, ар кайсы төлөмдөр боюнча, коммуналык төлөмдөр бар. Мына ошентип бул имаратты инвесторлорго берип, 15 жылга мына ушундай абалга келтирдик.
174 номер, конференцияларды жана ар кандай ишкердик жолугушууларды өткөрүүгө ылайыктуу залдары, ресторандар, спорттук жана эс алуу инфратүзүмү болуп, баары жаңыланган “Ак-Кеме” мейманканасы дал ушул талаптарга жооп берип, Бишкектин меймандостугун дагы бир баскычка көтөрөт деп ишенем",- деди президент.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: