super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу маселесин көтөрдү (видео)

 

Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу сунушталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев журналист Семетей Аманбеков менен болгон маегинде билдирди.

Мэрдин айтымында, ЮНЕСКОнун талаптары аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде тоону айланып өтүүчү жол курууга байланыштуу айрым чектөөлөрдү жаратууда. Аталган жол туристтер үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында пландалып жатканы айтылды.

Калаа башчысы бул демилгени азырынча ооз эки билдиргенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ошондон бери анын табигый көрүнүшү жана тарыхый-маданий аймагы өзгөчө коргоодо турат.






Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгаруу маселесин көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: