super.kg logo

Күндүн активдүүлүгү күчөп, Жерге коркунуч жаралууда

 

Күндүн активдүүлүгү кайрадан күчөп, Жерге таасир этиши мүмкүн болгон катуу жарылуулар катталууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Күндөгү активдүүлүк Москва убактысы боюнча түн ортосунан тарта кескин өскөн. Адистердин белгилешинче, учурда Жер үчүн коркунуч акыркы айлардагы эң жогорку деңгээлдердин биринде турат.

Күн активдүүлүгүнүн очогу №4513 деп аталган аймакта жайгашкан. Бүгүнкү күндүн башынан бери бул жерде кубаттуулугу беш деңгээлдин ичинен төртүнчү деңгээлге туура келген М класстагы үч күчтүү жарылуу катталган.

Ошол эле учурда адистер плазманын Жерди көздөй чыгарылышы боюнча азырынча так божомол айтууга эрте экенин белгилешти.

Окумуштуулардын айтымында, азыркы Күндөгү жарылуулар акыркы эки айдагы көрүнүштөрдөн өзгөчөлөнүп турат. Бирок алар тарыхый масштабдагы рекорддук көрсөткүчкө жеткен жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: