Даниянын премьер-министри сырткы келбетине байланышкан сындарга жооп берди
Кечээ, 24-августта Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен социалдык тармактарда анын сырткы келбетине байланыштуу көптөгөн сын-пикирлерге жооп берди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Ал Instagram баракчасына өзүн пластикалык хирург деп тааныштырган адам менен болгон кат алышуусунун скриншотун жарыялаган. Анда хирург ага мурдундагы "кичинекей такты оңдоп берүүнү" сунуштаган.
Фредериксен ага: "Оо, жок. Мен өзүмдүн келбетиме ыраазымын. Мага эркек пластикалык хирургдун бул тууралуу пикири таптакыр керек эмес!",- деп жооп берген.
Премьер-министрдин айтымында, ага көп жылдар бою сырткы келбетине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр келип турган. Анын ичинде тиштери "жаман", чачы "жука", мурдундагы так "сөөлгө" окшош экени тууралуу сындар жана беттеги бырыштарды азайтуу боюнча кеңештер болгон.
Метте Фредериксен адамдарды аны менен башка маанилүүрөөк темалар тууралуу сүйлөшүүгө чакырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















