Зендая менен Том Холланддын бала чагы тууралуу кызыктуу фактылар
Голливуд жылдыздары Зендая менен Том Холланд бала кезинде ар башка багытта машыгып, бул көндүмдөр кийин актёрдук карьерасында жардам берген.
Зендая бала кезинде футбол, баскетбол жана жеңил атлетика менен машыккан. Кийинчерээк ал бийге кызыгып, хип-хоп тобуна кошулган.
Ал эми Том Холланд 9 жашында бий ийримине катышып, кийин "Билли Эллиот" мюзиклине тартылуу үчүн балет, степ жана акробатика боюнча машыккан. Ал бул даярдыгы кийин "Жөргөмүш адам" тасмасындагы татаал трюктарды аткарууда чоң жардам бергенин айткан.
"Бул машыгуу менин карьерам үчүн абдан пайдалуу болду. Ошондон бери аткарган дээрлик бардык иштеримде анын пайдасын көрдүм", - деген Холланд.
Белгилей кетсек, Зендая менен Том Холланд Голливуддагы эң белгилүү түгөйлөрдүн бири. Алар "Жөргөмүш адам" тасмасында чогуу роль жаратып, кийинчерээк баш кошушкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















