Өзбекстандын мамлекеттик карызы 48,3 миллиардга жетти
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын мамлекеттик карызы 48,3 миллиард доллар болду. Бул тууралуу өлкөнүн Экономика жана финансы министрлиги билдиргенен чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, анын ичинен 40,7 миллиард доллары тышкы, ал эми 7,6 миллиард доллары ички карыз. Мамлекеттик карыздын өлкөнүн ички дүң өнүмүнө болгон катышы 27 пайызды түзөт. Тышкы карыздын негизги бөлүгү чет элдик валютада алынган.
"Карыздын ири бөлүгү мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын жабууга жумшалган. Ага 20,5 миллиард доллар багытталган. Мындан тышкары, каражаттар энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү, транспорт, айыл чарба жана башка тармактарды каржылоого жумшалган. Эл аралык валюта фонду жана рейтинг агенттиктеринин баалоосуна ылайык, Өзбекстандын тышкы карыздык жүгү азырынча орточо деңгээлде деп эсептелет",- деп белгиленген маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















