АКШ 200 миңге чейин туристтик жана ишкердик визаны жокко чыгарууну пландап жатат
АКШ бийлиги өлкөдө башпаанек сураган чет элдик жарандардын 200 миңге чейин туристтик жана ишкердик визасын жокко чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалыматына караганда, туристтик же ишкердик виза менен өлкөгө кирип, кийин туруктуу жашоо үчүн башпаанек сураган адамдардын визалары каралат.
"Мында визанын жокко чыгарылышы дароо депортациялоо дегенди билдирбейт. Адам визанын тиешелүү статусунан ажыратылып, башка категорияга которулушу мүмкүн",- деп белгиленген маалыматта.
Буга чейин АКШ бийлиги 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтоткон. Бирок 22-августта Нью-Йорктогу федералдык сот бул чараны мыйзамсыз деп таап, визаларды жарандыгына гана карап берүүдөн баш тартууга болбой турганын белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















