АКШ дипломаттарын Жакынкы Чыгышка кайтарууга даярданууда
АКШ Иран менен болгон жаңжалдын фонунда эвакуацияланган Жакынкы Чыгыштагы элчиликтериндеги дипломаттарын ушул жумада кайра ордуна кайтара башташы мүмкүн. Бул тууралуу The New York Times АКШнын Мамлекеттик департаментинин ички документине таянып жазды.
Маалыматка ылайык, америкалык дипломаттарды кайра жайгаштыруу жана Жакынкы Чыгыштагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө киргизилген өзгөчө чараларды акырындык менен токтотуу иштери ушул жумада башталышы ыктымал.
Басылманын белгилешинче, мындай кадам АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы масштабдуу аскердик аракеттер кайрадан күчөйт деп күтпөй жатканынан кабар бериши мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















