super.kg logo

Тарых жазылды! KGLOTO.com сайтында экинчи тираж өттү

 

2026-жылдын 19-августунда Кыргызстандагы кызыктуу оюндарды сүйүүчүлөр үчүн маанилүү күн болуп калды.

УТРК телеканалында KGLOTO.com расмий оператору уюштурган, ири баш байге коюлган "Үй-бүлөлүк Лото 5/42" жана "Супер Лото 5/36" эки лотереясынын экинчи түз эфири өттү.

Көз карандысыз комиссиянын көзөмөлүндөгү ачык оюн

Лотереяны уюштуруучулары үчүн оюндун адилеттүү жана ачык өтүшү негизги орунда турат. Биринчи тираждагыдай эле, экинчи тираж да көз карандысыз комиссиянын көзөмөлүндө өткөрүлдү.

Комиссиянын курамына:

  • комиссиянын төрагасы — Алексей Сухоруков;
  • катчысы — Елизавета Алексеенко;
  • Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик лотереялык компаниясынын өкүлү — Калия Муктарбекова;
  • Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын өкүлү — Азат Тажы уулу;
  • коомчулуктун өкүлү — Максим Полетаев кирди.

Оюн башталар алдында комиссия лототрондун толук ишке жарамдуулугун жана шарларлы кылдат текшерди. Андан кийин гана оюнга расмий старт берилди.

Мындай тартип KGLOTO.com лотереяларынын ачык-айкын жана калыс өткөрүлүшүн камсыз кылууга багытталат.

Экинчи тиражда канча жеңүүчү болду?

Экинчи утуштун жыйынтыгында:

  • «Супер Лото 5/36» — 520 жеңүүчү;
  • «Үй-бүлөлүк Лото 5/42» — 641 жеңүүчү аныкталды.

Уткан сандар:

«Үй-бүлөлүк Лото 5/42»: 6, 11, 5, 13, 29.

«Супер Лото 5/36»: 34, 33, 7, 28, 3.

Жөнөкөй эрежелер — чоң мүмкүнчүлүктөр

KGLOTO.com лотереяларында катышуучулар комбинацияларды өздөрү тандап, толтуруп отурушу шарт эмес. Бардык оюн сандары билеттин өзүндө алдын ала көрсөтүлөт.

Оюн учурунда лототрон 5 утуштуу шарды туш келди тандайт. Андан кийин система чыккан сандарды сатылып алынган бардык билеттердеги сандар менен автоматтык түрдө салыштырат.

Билеттин баасы — 100 сомдон башталат.

5 сандын ичинен 2, 3, 4 же 5 сан дал келген билет утуштуу деп эсептелет.

«Үй-бүлөлүк Лото 5/42»

Бул лотереядагы башкы байге — 3 миллион сом.

Утуш категориялары:

  • 5 сандын 5өө дал келсе — 3 000 000 сом;
  • 4 сан дал келсе — 20 000 сом;
  • 3 сан дал келсе — 1 000 сом;
  • 2 сан дал келсе — 50 сом.

«Супер Лото 5/36»

Бул лотереядагы башкы байге — 6 миллион сом.

Утуш категориялары:

  • 5 сандын 5өө дал келсе — 6 000 000 сом;
  • 4 сан дал келсе — 20 000 сом;
  • 3 сан дал келсе — 1 000 сом;
  • 2 сан дал келсе — 100 сом.

Кийинки тираж качан өтөт?

Кийинки тираж 23-сентябрда өтөт.

Билеттерди KGLOTO.com сайты аркылуу, Бишкектеги «Бишкек Парк», «Азия Молл», «Ала-Арча» соода борборлорунан жана «Олд Бишкек» (B18) соода борборунан сатып алууга болот.

Ошондой эле билеттер Ош, Балыкчы жана Каракол шаарларында, WhatsApp аркылуу 0998 777 377 номери менен жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынан алса болот.

KGLOTO.com — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик лотереялык компаниясынын расмий оператору. Бардык утуштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүлөт.

Биринчи тираж 2026-жылдын 15-июлунда өткөн. Анда «Үй-бүлөлүк Лото 5/42» боюнча 35, 4, 42, 36, 11, ал эми «Супер Лото 5/36» боюнча 3, 20, 9, 12, 7 сандары чыккан.

Эгер билетиңиз утуштуу экенин аныктасаңыз, төмөнкү номерлер аркылуу байланышсаңыз болот:

+996 226 777 877
+996 998 777 377
+996 507 778 733

Билетти сайттан сатып алган болсоңуз, утуш тууралуу маалыматты KGLOTO.com сайты аркылуу текшерүүгө болот. Катышууга 18 жаштан жогорку жарандарга гана уруксат берилет.

KGLOTO.com — Утуштун убагы!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: