Душанбеде 11 жылда курулуп бүткөн Улуттук театр ачылды (видео)
24-августта Тажикстандын борбору Душанбе шаарында жаңы Улуттук театрдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Иш-чарага өлкө президенти Эмомали Рахмон жана Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали катышкан.
Курулушу 2015-жылы башталган театр 11 жылдан кийин пайдаланууга берилип, Тажикстандын көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына карата ачылды.
7 кабаттуу имараттын 2 кабаты жер алдында жайгашкан. Театрдын бийиктиги 35 метрди түзөт. Анын башкы залы бир эле учурда 2500 көрүүчүнү кабыл ала алат. Мындан тышкары, 1000 орундуу зал жана 1115 адамга ылайыкталган конференц-залы бар.
Комплексте спектаклдерди даярдоо жана өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Анда чоң сахна, оркестр үчүн атайын орун, репетициялык бөлмөлөр, декорация жана костюм тигүүчү цехтер, аудио-видео студиялар, музей жана көргөзмө жайлары орун алган.
Театрдын курамында 136 орундуу мейманкана жана 250 унаага эсептелген жер алдындагы токтотмо жай каралган.
Улуттук театр Душанбе шаарынын борборунда, Улуттук музей менен Мамлекеттик туу паркынын жанында жайгашкан. Анын архитектурасында заманбап чечимдер менен тажик элинин улуттук жасалгалары айкалыштырылган.
Душанбеде 11 жылда курулуп бүткөн Улуттук театр ачылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















