Бритни Спирстин кичүү уулу белгилүү косметикалык бренддин жүзү болду
Америкалык ырчы Бритни Спирстин кичүү уулу Жейден Жеймс популярдуу косметикалык бренд MACтын жаңы жарнамалык өнөктүгүнө катышты.
Бритни Спирстин Шон Престон жана Жейден Жеймс аттуу эки уулу бар. Алардын атасы - бийчи жана рэпер Кевин Федерлайн. Ал 2013-жылдан бери мурдагы баскетболчу Виктория Принс менен баш кошкон. Виктория Бритнинин уулдарын да тарбиялоого катышкан.
Быйыл июнь айынын аягында Шон Престон менен Жейден Жеймс Париждеги эркектер модасы жумалыгында Vetements брендинин көрсөтүүсүндө подиумга биринчи жолу чыгышкан.
Кийин Жейден Vogue журналына берген маегинде моделдик карьерасын улантууга кызыкдар экенин билдирген. Анын айтымында, подиумдагы дебюту ага бул багытта өзүн сынап көрүүгө түрткү берген.
Эми 19 жаштагы Джейден MAC бренди менен кызматташа баштады. Бренддин Instagram баракчасында ал «Париждеги мода жумалыгынын өсүп келе жаткан жылдызы» катары тааныштырылды.
Ошондой эле MAC Джейдендин фотосессиясын өзүнүн санариптик MACzine журналынын мукабасына чыгарды. Басылмада жаш моделдин өмүр баяны тууралуу кеңири маалымат берилери айтылды.
Джейден музыкага да кызыгат. Ал пианинодо ойнойт жана келечекте өзүнүн ырларын чыгарууну пландап жатат. Ал эми анын агасы Шон моделдик карьерага кызыкпай турганын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















