super.kg logo

Көчмөндөр оюндарынын этношаарчасында "Евразия" уюму өзгөчө боз үйдүн эшигин ачат (видео)

 

"Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюму VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий өнөктөшү болду. Өнөктөштүктүн алкагында Кырчын капчыгайындагы этношаарчада "Евразиянын" боз үйү иштеп, анда оюндардын коноктору үчүн интерактивдүү программа уюштурулат.

Келгендерди улуттук оюндар, презентациялар, мастер-класстар, интерактивдүү иш-чаралар жана маданият, салт-санаа жана заманбап диалог темаларын камтыган атайын программалар күтөт.

"Евразиянын" боз үйү масштабдуу "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасында жайгашат. Быйыл Кырчын капчыгайына 500гө жакын боз үй тигүү пландалууда. Этношаарча бир күндө 100 миңге чейин конок кабыл ала алат.

Ошондой эле Кырчында улуттук спорттун түрлөрү, жаа атуу, ордо, салбурун, ат оюндары боюнча көрсөтмөлүү оюндар жана мелдештер өтөт. Мындан тышкары, этно ырлар боюнча сынактар жана акындардын айтышы уюштурулат.

"Евразиянын" боз үйү — коноктор жөн гана көрүп кетпестен, түрдүү программаларга өздөрү да катыша ала турган жай болот.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Негизги маданий-этнографиялык программа Ысык-Көл облусунда, анын ичинде Кырчын жайлоосунда уюштурулат.






VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этношаарчасында "Евразия" уюму өзгөчө боз үйдүн эшигин ачат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: