super.kg logo

Окумуштуулар Непалдагы суу ташкынынын себебин аныкташты

 

Непалдагы ири суу ташкынына мөңгүнүн кулашы жана анын артынан жүргөн сел себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кечээ, 26-августта Непал менен Кытайдын чек арасына жакын аймакта күчү 5,2 баллга жеткен сейсмикалык термелүү катталган. Алгач окумуштуулар муну жер титирөө деп болжошкон.

Бирок маалыматтарды кошумча талдоонун жыйынтыгында жер титирөө болбогону, сейсмикалык толкундар мөңгүнүн кулашынан жана сел жүрүшүнөн улам пайда болгону аныкталган.

Ошол эле учурда тоолуу Непалдагы күчтүү суу агымы шаршемби күнү Бхоте-Коси дарыясына түшкөн. Селдин кесепетинен аймакта ири суу ташкыны болгон.

Непалдын Туризм башкармалыгынын маалыматына ылайык, суу ташкынынан кийин 640тан ашуун турист дайынсыз болууда.

Kathmandu Post басылмасынын маалыматына караганда, кырсыктан 289 адам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: