Чолпон-Атада дүйнөнүн өнөрпоздорун бириктирген эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт (видео)
1–4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Ага ылайык, фестивалга дүйнөнүн төрт тарабынан келген 21 конкурсант өз элинин музыкалык мурасын бир сахнада тартуулашат. Фестивалдын финалдык кечеси кыргыз жана дүйнөлүк сахна жылдыздарынын концерти менен жыйынтыкталат.
Фестивалга кирүү үчүн билеттерди nebs.gov.kg сайтынан онлайн сатып алсаңыздар болот. Ошондой эле билеттер Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын чыгыш жана батыш тарабында жайгашкан эки сатуу түйүнүндө сатылат.
Чолпон-Атада дүйнөнүн өнөрпоздорун бириктирген эл аралык этно-ыр фестивалы өтөт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















