ДКО: Чолпон-Атада өтө турган иш-чаралардын локациялары (тизме)
VI Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары маалымат жыйында негизги иш-чаралар өтө турган локациялар боюнча маалымат берди.
Алардын айтымында, оюндардын негизги иш-чаралары 8 локацияда өткөрүлөт.
1 – Чолпон-Атадагы ат майдан. Бул жерде ат чабыштын беш түрү боюнча мелдештер, «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этнофестивалы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт.
2 – көк бөрү аренасы. Ат майдандын жанындажаңы көк бөрү аренасы курулду. Анын өзгөчөлүгү – көрүүчүлөр көк бөрү, көкпар, эр эңиш, тыйын эңмей сыяктуу улуттук оюндарды дээрлик жакын аралыктан көрүп, аттардын дүбүртүн жана таймаштын демин жакындан сезе алышат.
3 – «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси. Бул жерде күрөштүн 14 түрү боюнча мелдештер өтүп, дүйнөнүн ар кайсы элдеринин улуттук күрөш мектептери бир аянтта таймашат.
4 – «Рух Ордо» маданий борбору. Бул жерде көчмөн элдердин музыкалык мурасын даңазалаган «Көчмөн санаты» эл аралык салттуу музыка фестивалы өтөт.
5 – «Дордой-Номад» маданий-этнографиялык борбору. Бул жерде көчмөн элдердин турмуш-тиричилигин, каада-салтын, кол өнөрчүлүгүн, музыкалык мурасын бириктирген NOMAD FEST эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы уюштурулат.
6 – Кырчын жайлоосу. Бул – Оюндардын эң масштабдуу маданий аянтчаларынын бири.
7– Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борбору. Бул – Оюндардын илимий программасынын негизги аянтчасы. Эл аралык илимий-практикалык конференцияөткөрүлөт, ошондой эле ал жерде «ArtLab» чыгармачыл лабораториясынын долбоорлору өткөрүлөт.
8- «Евразия» эс алуу борбору. Бул жерде интеллектуалдык спорт түрлөрү – тогуз коргоол, овари жана мангала боюнча мелдештер өтөт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















