Баткенде бир нече адамды сызга отургузууга шектүү кармалды
Баткенде бир нече алдамчылыкка шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.Маалыматка ылайык, ал 2025-2026-жылдар аралыгында Европа мамлекеттерине жумушка орноштуруу убадасы менен бир нече адамдан ар кандай суммадагы акча алып, изин жашырып кеткен. Жабырлануучулар жалпы 900 миң сом чыгым тартышкан.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иштери козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















