Гүлназ Чыныбек кызы: "Moriox kids" тобунун мүчөлөрү менин балдарымдай эле болуп калышты" (видео)
Кечээ, 6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземинде ырчы Гүлназ Чыныбек кызы Руандадан келген "Moriox Kids" бий тобу менен бир сахнада өнөр тартуулады.
"Дүйнө элдеринин көңүлү Кыргызстанда болгон учурда "Moriox Kids" бий тобу менен биргеликте ушул тарыхый күндүн бир бөлүгү болгонубузга кубанычтабыз. Аталган бий тобу Африканын Руанда өлкөсүндөгү Кигали шаарынан келип, талантын тартуулады. "Moriox kids" тобунун мүчөлөрү менин балдарымдай эле болуп калышты. Күнүмдүк жашоодо котормочусуз эле, англисче баарлашып жатабыз",- деди ырчы айым.
Ошондой эле Руандадан келген талант ээлери 8-сентябрда Ош шаарында концерт тартуулай турганын кошумчалады.
Эске салсак, африкалык бийчилер Гүлназ Чыныбек кызынын "Аттиң ай" жана башка кыргыз ырларына бийлеп, социалдык тармактарда популярдуулукка жеткен.
Гулназ Чыныбек кызы: "Moriox kids тобу менин балдарымдай болуп калды"
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















