Жээнбек Кулубаев Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолукту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-сентябрда Борбордук Азия–Франция достук тобунун төрайымы, депутат Катрин Эрвьё жетектеген Франциянын Улуттук жыйынынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Тараптар кыргыз-француз мамилелеринин абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине көңүл бурушту.
Француз делегациясы Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы жана ШКУ саммити менен Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады.
Жээнбек Кулубаев Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги ишинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берип, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан француз командасына ыраазычылык билдирип, жеңип алган медалдары менен куттуктады.
Ошондой эле тараптар эл аралык санкциялар жана тышкы соода операцияларынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















