Кыргызстан PISA-2025 рейтингинде 11 позицияга көтөрүлдү
Кыргызстан PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнүн жыйынтыгында 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Өлкө буга чейинки көрсөткүчүнө салыштырмалуу 11 позицияга көтөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.
Кыргызстандык окуучулардын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 балл, математикалык сабаттуулук боюнча 364 балл жана окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү.
PISA-2025ке 91 өлкөдөн 762 миңге жакын окуучу катышкан. Кыргызстан изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан катышып, тестирлөөнү биринчи жолу компьютердик форматта өткөрдү. Өлкө боюнча 195 мектептен 6 миңден ашуун окуучу камтылган.
PISA окуучулардын билимди турмуштук кырдаалдарда колдоно билүүсүн, маалыматты талдоосун жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн баалайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















