Аринбасарова, Бай Лин баш болгон жылдыздар Бишкек мэриясына барышты
Кечээ, 8-сентябрда Бишкек шаарынын мэриясында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген чет элдик коноктор менен жолугушуу болуп өттү.
Мэриядан маалымдашкандай, коноктордун арасында маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова, Орусиянын эмгек сиңирген артисти Наталья Аринбасарова, Голливуд актрисасы Бай Лин, кикбоксинг боюнча 11 жолку дүйнө чемпиону жана Голливуд актёру Дон "Дракон" Уилсон, Оскар сыйлыгынын лауреаты, продюсер Збигнев Жмудский жана Голливуд продюсери Эрик Ялгашев бар.
Шаар мэринин орун басары Атай Муратбек конокторду жылуу тосуп алып, борбор калаага келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде коноктор Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуудагы таасирлери тууралуу айтып, өлкөдө болуп жаткан өнүгүүгө жогору баа беришти.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















