super.kg logo

Кыргызстанга сырттан балык жемин ташып келүүгө 6 айга чектөө киргизилет (видео)

 

Кыргызстанга чет өлкөдөн балык жемин ташып келүүгө 6 айга чектөө киргизилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков бүгүн, 9-сентябрда Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө балык жемин өндүргөн төрт компания иштеп жатат. Алар ички рыноктун муктаждыгын толук камсыздай алышат.

Министр бул чечим ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында кабыл алынганын белгиледи. Анын айтымында, жергиликтүү компаниялардын продукциясы импорттолгон жемге караганда арзаныраак болот.

"10-сентябрдан баштап чет жактан сатып алгандар өлкөгө киргизилбейт. Бул күнгө чейин сатып алып, жолдо келе жаткандар киргизилет. Импорттолуп келип жаткан жемдер 240 сомго чейин сатылса, ата мекендик өндүрүштөр 200 сомдун тегереги болот",- деди министр.

Ошондой эле ал балык өндүрүүчүлөрдү жергиликтүү жем чыгарган өндүрүштөрдү колдоого чакырды.






Кыргызстанга сырттан балык жемин ташып келүүгө 6 айга чектөө киргизилет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: