Кыргызстан картошканын импортун чектеши мүмкүн (видео)
Кыргызстанда картошканын баасы учурда өздүк наркынан төмөн болуп, айрым дыйкандардын эмгеги акталбай жатканын айыл чарба министри Эрлист Акунбеков бүгүн, 9-сентябрда Фейсбук баракчасындагы түз эфирде билдирди.
Анын айтымында, буга быйыл картошканын түшүмү жакшы болуп, базарда сунуш көбөйгөнү себеп болууда. Натыйжада баа дыйкандар күткөн деңгээлге жетпей жатат.
Айыл чарба министрлиги бул маселени чечүү үчүн эки багытта иш алып барууда. Биринчиден, картошканы Өзбекстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Маалыматка караганда, август айында ишкерлер тарабынан Өзбекстанга 1200 тонна картошка экспорттолгон.
Мындан тышкары, картошка өндүрүүчүлөрдүн сунушу эске алынып, картошканын импортун чектөө маселеси каралууда. Жакынкы убакта бул боюнча чечим кабыл алынары күтүлүүдө.
Кыргызстан картошканын импортун чектеши мүмкүн
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















