ЕАЭБде миграциялык саясат маселеси талкууланды
Кыргызстандын демилгеси менен Евразия экономикалык комиссиясынын жыйынында ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү миграциялык саясатты катаалдаштыруу маселеси каралды.
Кыргызстан миграция маселелери боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин деңгээлинде туруктуу иштей турган консультациялык аянтча түзүүнү сунуштады.
ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Орусияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө миграциялык талаптардын күчөтүлүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, мындай чектөөлөр жумушчу күчүнүн эркин жүрүүсү принцибине терс таасирин тийгизип, бирдиктүү эмгек рыногун түзүү процессин жайлатууда.
Мындан тышкары, миграциялык эрежелердин катаалдашуусу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын жумушка орношуу, социалдык коргоонуусу жана эркин жүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө таасирин тийгизип жатканы айтылды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















