super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматовго III даражадагы "Манас" ордени берилди

 

Бүгүн, 9-сентябрда мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирип, ага байланыштуу өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгын жарыялады.

Шыкмаматов менен катар дагы 6 жаран аталган сыйлык менен сыйланды. Алар:

  • Муса Бажаев - "Группа Альянс" акционердик коомунун президенти, Орусия;
  • Медетбек Букуев - Футзал ассоциациясынын уюмдаштыруучусу, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү;
  • Сейтхан Жошибаев - Казакстандын Кардиохирургия жана трансплантология илимий-клиникалык борборунун директору, кардиохирург;
  • Тилектеш Ишемкулов - Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессорунун милдеттерин аткаруучу;
  • Кемелбек Кыязов - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы генерал-майору;
  • Камчыбек Узакбаев - С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун педиатрия кафедрасынын профессору;

Белгиленгендей, сыйлыктар Кыргызстандын өнүгүшүнө жана коомдук турмушка чоң салым кошкон бир катар жарандарга тапшырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: