Филипп Киркоров Москвада ата-энесине эстелик тургузду (видео)
Ырчы Филипп Киркоров ата-энеси Бедрос менен Викторияга арнап Москвадагы Троекуров көрүстөнүндө эстелик тургузду. Бул тууралуу кечээ, 9-сентябрда ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирүү жасаган.
"Ата-энеме түбөлүк таазим. Силер түбөлүк жүрөгүмдөсүңөр",- деп жазган ал.
Эстеликтин ачылыш аземине Киркоров балдары Мартин жана Алла-Виктория менен келген. Иш-чарага ырчынын кесиптештери жана жакындары, анын ичинде модель Валентина Алексеева да катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин Киркоров Валентина Алексееванын дарегине жылуу сөздөрүн айтып, ага болгон сезимдерин билдирген. Бирок алардын мамилеси тууралуу расмий маалымат жок.
Филипп Киркоров ата-энесине Москвада эстелик тургузду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:31
2026-09-13
13:53
2026-09-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















