Бухаресттеги ооруканаларда дары-дармек жана медициналык каражаттар тартыш болууда
Румыниянын борбору Бухаресттеги ооруканалардын тез жардам бөлүмдөрүндө дары-дармек жана медициналык каражаттар жетишсиз болуп, айрымдарынын запасы критикалык деңгээлге жетти. Бул тууралуу Antena 3 телеканалы бүгүн, 10-сентябрда жазып чыкты.
Маалыматка караганда, айрым медициналык каражаттардын кору толугу менен түгөнгөн. Бухаресттеги Багдасар-Арсени ооруканасында компьютердик томография учурунда оор жаракат алган бейтаптарга керектелүүчү контрасттык зат жок.
Ошондой эле пахта, марли жана пластырь түгөнгөн. Стерилдүү кол каптар менен ЭКГ үчүн кагаз бир жумага, ал эми тамчылатма системалар сегиз күнгө гана жетет.
Каржылоо маселеси чечилбесе, кийинки айда ооруканалар кызматкерлердин айлыгын төлөөгө да каражатсыз калышы мүмкүн.
Жергиликтүү мыйзамдарга ылайык, ооруканалар өкмөттүн резервдик фондунан кошумча каражат ала алышат. Бирок Румынияда май айынан бери толук кандуу өкмөт түзүлө электиги бул маселени чечүүнү татаалдаштырууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















