Оштун Жаңы-Базар айылында жаңы оорукана курулду
Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги 10-сентябрда билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү.
Оорукананын жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу имарат заманбап үлгүдө курулуп, анда терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү каралган. Мындан тышкары, оорукананын жанына өзүнчө поликлиника имараты курулуп, анда рентген, стоматология, УЗИ жана кабыл алуу бөлмөлөрү жайгаштырылган.
Объекттин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери толугу менен аяктап, медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















