Япон кызы Кырчындагы таштандыны көрүп, кыргызстандыктарга кайрылды (видео)
Япон жараны Мисузу Огата кечээ, 13-сентябрда өзүнүн Facebook баракчасына Кыргызстандагы тазалык маселесине байланыштуу видео кайрылуусун жарыялады.
Ал Кыргызстанда өткөн Көчмөндөр оюндарынын уюштурулушуна, өлкөнүн техникалык мүмкүнчүлүгүнө жана конок тосуу маданиятына жогору баа берген. Ошол эле учурда Кырчын жайлоосунда иш-чарадан кийин калган таштандыларды көрүп, буга тынчсызданганын айтты.
Мисузу Кыргызстанга туристтердин агымы мындан ары дагы көбөйүшү күтүлүп жатканын белгилеп, жаратылышты таза сактоо маданиятына азыртан көңүл буруу керектигин белгиледи.
Ал Япониядагы "Келген жериңди келгендегиден да таза калтыр" деген түшүнүктү мисал келтирип, Кыргызстанга келген туристтерди жана өлкөдө жашаган ар бир адамды өз таштандысын жаратылышка таштабоого чакырды.
Япон кызы Кырчын жайлоосундагы таштандыны көрүп, кыргызстандыктарга кайрылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















