Бишкекте Кронштадт көчөсүндө унаа кыймылы кайра жанданды
Бишкек шаарындагы Кронштадт көчөсүнүн Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Месароша көчөсүнө чейинки бөлүгүндө оңдоп-түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Бүгүн, 14-сентябрдан тартып аталган жол тилкеси унаа кыймылы үчүн кайрадан ачылды.
Оңдоо иштеринин алкагында жолдун үстүңкү катмары жаңыланып, жол инфраструктурасын иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле жол белгилери жана кыймылдын коопсуздугун камсыз кылган элементтер талапка ылайык абалга келтирилди.
Бишкек мэриясы айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин, жол белгилеринин талаптарын жана белгиленген ылдамдык режимин сактоого чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















