super.kg logo

Мектептердеги окуу китептерине QR-код коюу сунушталды

 

Кыргызстанда мектептер үчүн басылып чыга турган окуу китептеринин ар бирине QR-код жайгаштыруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин мектептерде окуу китептери жетишсиз болуп жаткан учурда айрым китептердин базарларда сатылып жатканы тууралуу кайрылуусунан кийин тиешелүү тараптардын жолугушуусу өттү.

Жолугушууга агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов, "Учкун" ААКтын жетекчиси Бакытбек Султанов жана депутат Дастан Бекешев катышты.

Талкууда QR-код аркылуу окуу китептеринин кыймылын көзөмөлдөө сунушталды. Тактап айтканда, китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгени тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, QR-код окуучулар менен мугалимдерге китептин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга кирүүгө шарт түзөт.

Ошондой эле окуу китептерин басып чыгарууга бөлүнгөн каражаттарды каржылоо жана бул багыттагы иштерди колдоо маселелери каралды.

Дастан Бекешев окуу китептерин басып чыгарууга керектүү каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: