Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү ачылды
Бүгүн, 16-сентябрда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн ачылышына арналган "Эне тилсиз эл болбойт" аталышындагы иш-чара өттү.
Алгач университеттин проректору Алмаз Ибраев сөз сүйлөп, окуу жайда иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп келерин жана кыргыз тилинин колдонулушунун деңгээли жогору экенин белгиледи. Ошондой эле ал кыргыз тилине байланыштуу маселелерди саясатташтыруунун зарылдыгы жок экенин айтып, кээ бир учурларда айтылган сындар чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Андан соң университеттин ректору, доктор, профессор Алпаслан Жейлан иш-чаранын катышуучуларын алгач кыргыз тилинде куттуктап, кийин түрк тилинде сөзүн улантты.
"Бүгүн университетте Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү ачылды. Бул - замандын талабы. Бөлүмдүн ачылышы биз үчүн чоң кубаныч. Түрк тилдеринин бири катары кыргыз тили да өнүгүшү керек. Биз, "Манас" университети буга салым кошуубуз керек. Бул бөлүм кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошуп, келечекте мыкты адистерди даярдайт деп ишенем",- деди ректор.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында, профессор Лайли Үкүбаева ачылыш сабагын өтүп, эне тилдин мааниси жана учурдагы маселелери тууралуу баяндама окуду. Анын айтымында, Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн ачуу университеттин жамааты көп жылдан бери көздөп келген максаттардын бири болгон.
"Бардык бөлүмдөр бар, бирок Кыргыз тили жана адабияты бөлүмү жок болгондуктан, кандайдыр бир тузу кем болгонсуп сезилчү. Көп жылдар бою аракет кылдык. Ректорубуз Алпаслан Жейландын чечкиндүүлүгү менен бул иш ийгиликтүү чечилди",- деди Үкүбаева.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















