Өкмөттүн жыйынында өлкөнүн сегиз айдагы экономикалык өсүшү талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.
Маалыматка ылайык, жыйында өлкөнүн сегиз айдагы акыркы көрсөткүчтөрү каралды. Адылбек Касымалиевдин айтымында, ички дүң продукт 1 триллион 397 миллиард сомго жетип, экономикалык өсүш 11 пайызды түзгөн.
Ошондой эле негизги капиталга инвестициялар 61,2 пайызга, курулуш тармагы 61 пайызга, өнөр жай 8,8 пайызга, айыл чарбасы 6,4 пайызга өскөн.
МинКаб төрагасы жетишкендиктер менен гана чектелбестен, экономикалык өсүштүн сапатына, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана анын калктын жашоо деңгээлине тийгизген таасирине көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, жыйында 2026–2030-жылдарга өнөкөт бөйрөк оорусун алдын алуу, аныктоо жана дарылоо системасын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору жактырылды.
Адылбек Касымалиев бөйрөк ооруларын эрте аныктап, алдын алууга басым жасоо керектигин белгиледи.
Ошондой эле 2025–2030-жылдарга Кыргызстандын аймактарын комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага өзгөртүүлөр киргизилди. Анын негизги максаты — аймактарды тең салмактуу өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу.
Жыйын соңунда министрлер кабинетинин төрагасы кабыл алынган чечимдерди өз убагында жана толук аткаруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















