Караколдо шаардык жана шаар четиндеги коомдук транспорттор жаңыланууда
Каракол шаарында коомдук транспортту масштабдуу жаңылоо иштери уланууда. Шаардык каттамдарга кондиционер жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүчү пардалар менен жабдылган жаңы заманбап автобустар каттай баштады.
Бүгүн эртең менен Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов автобустардын каттамдардагы ишин текшерип, жүргүнчүлөр менен жеке өзү баарлашты.
Шаар башчысы автобустардын биринин ичин көрүп, жүргүнчүлөр үчүн түзүлгөн шарттарга баа берди. Ошондой эле жаңы коомдук транспорт тууралуу жүргүнчүлөрдүн пикирин укту.
Жүргүнчүлөр кондиционерлерге өзгөчө баа беришүүдө. Алар ысык аба ырайында жол жүрүүнү кыйла ыңгайлуу кылууда. Автобустардын салондорунда орнотулган пардалар да кошумча ыңгайлуулук жаратууда.
"31-августта “Shirshov Фонду” бизге 40 автобус өткөрүп берген. Бир айдын ичинде дагы 23 автобусту күтүп жатабыз", - деди Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов.
Ошентип, долбоордун алкагында Каракол шаарынын автобус паркы жалпы 63 жаңы автобус менен толукталат.
Бүгүнкү күндө шаарда жаңыланган 50дөн ашык автобус иштеп, 15 шаардык каттамды тейлөөдө. Күн сайын шаардык жана шаар четиндеги коомдук транспорттун кызматынан 10-12 миң жүргүнчү пайдаланат.
Транспортту жаңылоо шаарлар аралык каттамдарда да улантылат. Жакынкы бир айдын ичинде Каракол шаары менен Ысык-Көл облусунун райондорунун ортосунда үзгүлтүксүз каттамдарды ишке киргизүү пландалууда.
Автобустардын экинчи партиясы келгенден кийин шаарлар аралык каттамдарга 20дан ашык автобус тартылат. Алгач алар Ак-Суу, Түп жана Жети-Өгүз райондоруна каттай баштайт.
Каракол шаарынын мэриясы автобус паркын жаңылоо жана шаардын транспорттук системасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда. Негизги максат – шаар тургундарын жана конокторун заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу.
Автобустар
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















