Садыр Жапаров Сеулдагы Улуттук мемориалга гүл койду (сүрөт)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Түштүк Кореяга расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Улуттук мемориалга барып, гүл коюу аземине катышты.
Мамлекет башчысы анда Кореянын көз карандысыздыгы үчүн курман болгон баатырлардын элесине таазим этип, ардактуу коноктор китебине эстелик жазуу калтырды.
Сапардын алкагында президент Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле ал "Борбор Азия – Корея Республикасы" биринчи саммитине катышат.
Мындан тышкары, президент бизнес-саммиттин атайын сессиясына катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















