Депутат музыка мугалимдеринин көйгөйүн көтөрдү
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарыбашов парламенттин 16-сентябрдагы жыйынында музыка мугалимдеринин көйгөйүн көтөрдү.
Айтымында, мугалимдерден эл өкүлүнүн дарегине кайрылуулар келип түшкөн.
"Музыка, сүрөт, дене тарбия бул жөнөкөй сабактар эмес. Бул балдардын талантын, маданияттуулугун калыптандыра турган предметтер. Буга өзгөчө көңүл буруу керек.
Азыр 1-4-класска чейин музыка сабактарын класс жетекчилери гана өтүшөт. Музыка сабагы 5-класста гана өтүлөт экен. Мында музыка сабагынын мугалимдеринин ишсиз калуусу күтүлүп жатыптыр. 5-класстарга гана эмес, жогорку класстын окуучуларына да бул предметти киргизишибиз керек",- деди депутат.
Депутат музыка мугалимдеринин көйгөйүн көтөрдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:9
2026-09-16
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















