super.kg logo
  Саясат  

Мектеп китептерин улай... Өкмөт базарларды текшерүүнү буйруду

 

Бүгүн, 16-сентябрда өкмөт башчы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү баштады.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү тапшырма жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын камсыздоого арналган окуу адабиятынын базарлардагы соода түйүндөрү аркылуу сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөндүгүнө байланыштуу берилди.

"ИИМ, УКМК жана Агартуу министрлигине жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларын акысыз камсыздоого арналган окуу китептеринин эркин сатыкка чыгып кетүү фактысы боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү, аталган окуу китептеринин базарга түшүп кетишинин булактарын жана жагдайларын аныктоо, басылып чыгарылган, берилген жана бөлүштүрүлгөн нусканын иш жүзүндөгү көлөмүнүн белгиленген буйрутмаларга жана документтерге шайкештигин текшерүү тапшырылды",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мектептерде окуу китептери жетишсиз болгонуна карабай, алар базарда сатылып жатканын билдирген. Ал эми Агартуу министрлиги бул боюнча Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге расмий кайрылуу жөнөткөнүн маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: