"Кантип чечет?" Дастан Бекешев бардыгы кымбаттап жатканын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө көйгөйлөр бар экенин айтып, Министрлер кабинетин аларды чечүүгө чакырды.
Депутат калктын 24 пайызы жакырчылыкта жашап жатканын, алдыда инфляция 15 пайызга чейин көтөрүлүшү мүмкүн экенин, жарандар жөлөкпулдардын аздыгына нааразы болуп жатышканын айтты.
"Базар баасы кымбаттап жатат, кантип жашайбыз?" деп жарандар суроо салышууда. "Кантип контракт төлөйбүз, эгер контракттын баасы өсүп жаткан болсо?" деп студенттер сурашууда. Билим алууда 3 пайыздык насыя бере албай жатабыз, бирок мал алууда беребиз, эмнеге? Мына ушул суроолорго так жооп бергиле! Министрлер кабинети буларды кантип чечет? Батирдик ижара өстү, базардагы баалар өстү, бирок жөлөкпул аз. Дары кымбат, мамлекеттик кызматтар кымбат жана башка",- деди эл өкүлү.
Бекешев өкмөт экономикалык мыйзамдарды жазышы керектигин кошумчалады.
"Кантип чечет?" Дастан Бекешев бардыгы кымбаттап жатканы менен жөлөкпулдар көбөйбөгөнүн айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















