Садыр Жапаров Түштүк Кореянын лидерин Кыргызстанга чакырды
Бүгүн, 16-сентябрда Сеул шаарында президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, кызматташтыктын келечектүү багыттарын аныкташты жана эки жактуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Ли Чжэ Мён Кыргызстан менен Корея мындан ары да өз ара байланыштарды жана алмашууларды кеңейтет деген ишенимин билдирди. Ошондой эле ал кыргыз элин мамлекеттин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.

Корея лидери ошондой эле эки өлкөнүн инвестициялык агенттиктеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну камтыган өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүгө үмүт артты.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Жапаров Кыргызстанда биргелешкен медициналык борбор түзүүнү, визалык режимди жеңилдетүү механизмдерин карап чыгууну, кыргыз товарларын Кореянын рынокторуна экспорттоону жана башка маселелерди сунуштады.
Эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоо максатында Жапаров кесиптешин эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда тараптар кыргыз-корей стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого өз ара кызыкдар экенин ырастап, эки тараптуу жана эл аралык деңгээлдерде тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экенин билдиришти.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















