super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплекс курула баштады

 

Бүнүн, 16-сентябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын заманбап фармацевтикалык кампа-логистикалык комплексинин курулушун баштоо аземине катышты.

Президенттик админитсрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, Касымалиев жаңы комплекс өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун бекемдөөгө багытталып, негизги максаты дары-дармектерди туура сактоо, өз убагында жеткирүү жана медициналык мекемелерди үзгүлтүксүз камсыз кылуу экенинин белгиледи.

Долбоорду ишке ашырууга Турукташтыруу фондунан 650 миллион сом бөлүнгөн. Комплекс эл аралык GDP (Good Distribution Practice) талаптарына ылайык, жалпы 7,1 гектар жерге курулат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын маалыматына караганда, саламаттык сактоого бөлүнгөн каражат 2021-жылдагы 26 миллиард сомдон 2026-жылы 69,9 миллиард сомго көбөйгөн. Ал эми дары-дармек жана медициналык буюмдарды каржылоого 2021-жылы 100 миллион сом бөлүнсө, 2026-жылга 6,8 миллиард сом каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: