Депутат өкмөттөн автобус сурап кайрылды (видео)
Депутат Болотбек Борбиев өкмөттөн Токтогул районунда мектептерден алыс жашаган окуучулар үчүн автобус бөлүп берүүнү суранды.
Эл өкүлү парламенттин 16-сентябрдагы жыйынында билдиргендей, окуучулар мектепке барууда жол алыстыгынан кооптуу абалга туш келүү коркунучу бар.
"Токтогул районунун 24 айылынан 514 окуучу 8 мектепке каттап окууга аргасыз болууда. Булар Турдумамбетов, Курама уулу Турусбек, Коргол, Нурмамбетов, Данканай, Алымбеков, Чодошов жана Ибраимов орто мектептери. Алардын арасында мектепке чейинки аралык 3 чакырымдан 15 чакырымга чейин жетип жатат. Окуучулардын маршруттары ээн талаа же чоң жолдордун жээги болуп калууда. Кыш мезгилинде караңгыда басып калууга туура келет. Ушул 8 мектепке 8 автобус болүп берүү зарыл",- деди Борбиев.
Депутат өкмөттөн окуучулар үчүн автобус сурады
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















