Парламентте "Балага сүйүнчүнүн" суммасын көбөйтүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова парламенттин 16-сентябрдагы жыйынында "Балага сүйүнчү" бир жолку берилчү жөлөк пулунун суммасын көбөйтүүнү сунуштады.
Эл өкүлү билдиргендей, 2018-жылдан бери жөлөк пулдун суммасы 4 миң сомду түзөт.
"Андан бери 8 жыл өттү. Бул аралыкта инфляция өстү. Мындан улам бул сумманын реалдуу мааниси жана сатып алуу мүмкүнчүлүгү бир кыйла төмөндөдү. Буга байланыштуу жөлөк пулдун суммасын 4 миң сомдон 10 миң сомго көтөрүүнү демилгелеп жатам",- деди депутат.
Депутат "балага сүйүнчүнүн" суммасын көбөйтүүнү сунуштады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:9
2026-09-16
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















