Эмомали Рахмонго таэквондо боюнча кара кур тапшырылды
Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Түштүк Кореяга расмий сапары учурунда ага таэквондо боюнча ардактуу 9-дан даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чара Дүйнөлүк таэквондо федерациясынын (WT) штаб-квартирасында өттү. Федерациянын президенти Юн Ун Сок президентке ардактуу кара кур жана таэквондо менен машыгууга арналган салттуу кийим тапшырды.
Эмомали Рахмон федерациянын жетекчилигине көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирип, таэквондо сергек жашоо образын жайылтууда, ошондой эле адамдардын ортосундагы руханий жана маданий байланыштарды бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:38
2026-09-15
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















