super.kg logo

Орусия менен Монголияда аюулардын адамдарга жакындаган учурлары көбөйдү

 

Орусия менен Монголияда күрөң аюулардын калктуу конуштарга жакындаган учурлары көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты.

Орусияда 2026-жылдын жай айларында жана сентябрдын башында аюулардын кол салуусунан 11 адам каза болуп, ондогон киши жаракат алган. Аюулар Ыраакы Чыгыш, Сибир, Поволжье жана Уралдын бир катар аймактарында катталган.

Ал эми Монголияда жыл башынан бери аюулардын калктуу конуштарга кирген 80ге жакын учуру катталган. Буга токойдогу табигый азыктардын, анын ичинде мөмө-жемиштер менен карагай жаңгагынын азайышы себеп болгон.

Монголиянын бийлиги кооптуу аймактарда мониторинг жүргүзүп, ыкчам топторду ишке киргизди. Аюулардын кыймылы камералар жана дрондор аркылуу көзөмөлдөнүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Япония мамлекетинде дагы аюуларды көзөмөлгө алган дрондор ишке киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: