super.kg logo
  Саясат  

Былтыр сатып алынган... Садыр Жапаров Кореядагы Кыргызстандын элчилигине барды

 

Бүгүн, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров Сеул шаарында жайгашкан өлкөнүн Кореядагы элчилигине барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы кабарлады.

Маалымдалгандай, 2006-жылы Сеул шаарында консулдук ачылып, 2008-жылы элчилик болуп түзүлгөн. Көп жылдар бою дипломатиялык өкүлчүлүк имаратты ижарага алып келген. Ижара акысына кеткен ай сайынкы чыгымдар мамлекеттик бюджетке олуттуу жүк жаратып келген. Мындан улам былтыр апрель айында имарат сатып алынган.

"Мамлекет башчысы иш бөлмөлөрүн, консулдук бөлүмдү жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залдарын көрүп чыгып, Кореянын борборунан менчикке имарат сатып алуу Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын чет өлкөлөрдөгү статусун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадам экенин айтты",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: