Макрон Франциядагы күйүүчү майдын баасына нааразы болду
Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдөгү май куюучу жайларда күйүүчү майдын баасы кескин өскөнүн «чыдагыс» деп атады. Бул тууралуу француз жана эл аралык маалымат каражаттары жазды.
Макрондун айтымында, деңиз жолдорундагы блокадалар жана мунай жеткирүүлөрдөгү үзгүлтүктөр Франциядагы керектөөчүлөргө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө.
Маалыматка караганда, Францияда дизелдин бир литри 2,3 евродон, бензин 2,2 евродон ашкан. Айрым май куюучу жайларда баа 3 еврого жакындаган.
Буга чейин Макрон өкмөттү күйүүчү май менен камсыздоону туруктуу кармоо жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө боюнча чараларды күчөтүүгө чакырган. Өкмөттүн маалыматына ылайык, өлкөдөгү май куюучу жайлардын болжол менен 10 пайызында күйүүчү майдын кеминде бир түрү боюнча жеткирүү көйгөйү жаралган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















