Иран АКШ менен сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн шарттарды атады
Иран АКШга эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн жети шарт койду. Бул тууралуу Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохсен Резаи Х социалдык тармагы аркылуу билдирди.
"Биздин шарттарыбыз - бардык багыттардагы согуш аракеттерин токтотуу, тоңдурулган каражаттарыбызды бошотуу жана деңиз блокадасын токтотуу", — деген Резаи.
Анын айтымында, бул шарттарды кабыл алуу Вашингтондун кызыкчылыгына туура келет.
Al Jazeera телеканалына берген маегинде Резаи Иран бул шарттарды Катардагы ортомчу аркылуу АКШга жеткиргенин жана азыр Дональд Трамптын жообун күтүп жатканын айтты.
Эске салсак, 28-февралда АКШ менен Израил Ирандагы буталарга сокку ура башташты, ага Иран тарап өзүнүн соккусу менен жооп берди.
18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.
24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.
Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу күчөгөн. Учурда чыр-чатактар чечиле элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















