Филиппинде мектептеги ок атышуудан 6 окуучу каза болду (видео)
Филиппиндин Түштүк Котабато провинциясында Банга шаарындагы мектептеги ок атышуудан 6 адам каза болуп, дагы 17 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Ок аткан өспүрүм ушул эле мектептин окуучусу болгон. Ал дагы каза болгону белгиленди. Окуядан кийин Банга шаарындагы бардык окуучулар үчүн сабактар убактылуу токтотулду.
Өлкөнүн билим берүү министрлиги мектептин администрациясы, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барып жатканын маалымдады. Ошондой эле, окуядан жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлөрү кошумчаланды.
Учурда каргашалуу окуянын себептери такталууда.
Филиппинде мектептеги ок атышуудан 6 окуучу каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2026-09-18
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















