Пи Диддинин адвокаттары чоң карыздардан улам иштен баш тартты
Америкалык рэпер Шон Комбс, P. Diddy деген ат менен белгилүү, юридикалык чыгымдарын төлөбөгөндүктөн адвокаттары менен кызматташуусун токтотту. Юристтер соттон рэпердин ишиндеги өкүлчүлүктөн чыгууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы жазды.
Sher Tremonte юридикалык фирмасы Комбсту 100 миллион доллардан ашык суммадагы жалаа боюнча доо арызда коргоп келген. Адвокаттардын айтымында, рэпер жарым жылдан ашык убакыттан бери алардын гонорарларын, соттук чыгымдарын жана башка төлөмдөрүн төлөгөн эмес.
Фирманын өнөктөшү Майкл Тремонте Комбс «гонорарлардын, чыгымдардын жана башка төлөмдөрдүн олуттуу бөлүгүн төлөбөй калганын» билдирген.
Мындан тышкары, юристтер акыркы төрт ай ичинде P. Diddy өз убагында жана мазмундуу сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартканын айтышкан. Натыйжада тараптардын кызматташуусу дээрлик токтоп, адвокаттар анын кызыкчылыгын натыйжалуу коргой албай калган.
Ал эми Комбс юридикалык командасын алмаштырууну өзү биринчи сунуштаганын билдирген. Рэпер Sher Tremonte фирмасын кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын негизсиз жогорулатып, өзү менен макулдашылбаган эсептерди жөнөткөн деп айыптаган. Фирма бул дооматтарды четке какты.
Комбстун доосу музыкалык менеджер Кортни Берджесс, адвокат Ариэль Митчелл жана NewsNation телеканалына ээлик кылган Nexstar медиакомпаниясына каршы багытталган. Рэпер аларды атактууларга жана жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулук көрсөтүлгөн делген видеолор тууралуу жалган маалымат таратканы үчүн айыптоодо.
Учурда P. Diddy 50 айлык абак жазасын өтөп жатат. Сот арачылары аны рэкетчилик жана сексуалдык эксплуатация боюнча айыптар боюнча күнөөлүү эмес деп тапкан. Ошол эле учурда адамдарды сойкулук менен алектенүүгө ташуу боюнча эки берене боюнча күнөөлүү деп табылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















