АКШ Жакынкы Чыгыштагы жарандарына эскертүү таратты
АКШнын Жакынкы Чыгыштагы бардык элчиликтери аймакта жүргөн америкалыктарга шашылыш эскертүү таратты.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, дипломатиялык өкүлчүлүктөр аскердик жаңжалдын "күтүүсүз күчөп кетүү коркунучу" бар экенин билдирип, жарандарды кырдаалга көз салып турууга чакырды. Ошондой эле аймакка кирип-чыгып жаткан америкалыктарга аэропорттор менен авиакомпаниялардын иши тууралуу маалыматтарды алдын ала текшерүү сунушталды.
Мындай эскертүүлөр АКШнын Ливан, Израил, Иордания, Ирак, Сауд Арабиясы, Бахрейн, Катар, Кувейт, Оман жана БАЭдеги элчиликтеринин сайттарында жарыяланды.
Бул окуялардын алкагында АКШ президенти Дональд Трамп дем алыш күнүнө карабай Вашингтонго кайтып келгендигин чет элдик басылмалар жазышууда.
Эскерте кетсек, Жакынкы Чыгышта АКШ менен Ирандын ортосундагы согуш күчөп, жаңжал йемендик хуситтердин да аралашуусу менен аймактагы башка өлкөлөргө жайылуу коркунучун жаратууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















